Редакцияот 27.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXII-заседаниеси

 

2015-жылдын 27-июну № 22/2

Корул айыл өкмөтүнүн ФПСтин чөп орунду жерлерин арендага берүү боюнча

Корул  айылдык  Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн ФПСтин жерлерин арендага берү боюнча жалпы 42 гектар,  анын ичинен:  кайрак  айдоо 18 гектар,  чөп орунду 23 гектар жерден 2015-жылга  план тапшырма 34 миң сом болсо, 12миң 700  сом  төгүлгөнү  белгиленсин.

2. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана Сары-Тектир участкасын арендага берүүдө белгиленген план тапшырманы бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Э.Шариповго  милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Корул айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Маназаров