Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-апрели № 21/1
Улуу Ата Мекендик согушка катышып, өз Мекенине жеңиш менен кайтып келип, каза болгон атуулдардын аты-жөнүн райондун борбору болгон Гүлчө айыл өкмөтүнүн Жеңиш аянтына илдирүү боюнча 2015-жылдын 07-апрелиндеги Гүлчө айыл өкмөтүнүн №193 сандуу кайрылуусунун негизинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаеванын билдирүүсүн угуу жана талкуулоо жөнүндө
Корул айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, өз Мекенине жеңиш менен кайтып келип, каза болгон 69 ( алтымыш тогуз) атуулдардын аты-жөнүн райондун борбору болгон Гүлчө айыл өкмөтүнүн Жеңиш аянтына илдирүү үчүн 17250 сом каралсын.
2. Акча каражатын тиешелүү статьялардын карап, тиешелүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго тапшырылсын.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|