Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-апрели № 21/5
Корул айыл өкмөтүнүн 2015- жылга бекитилген бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планын «Бюджеттик укуктук негизги принциптер жөнүндөгү 15-мыйзамына таянып статьяларга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Корул айылдык Кеңеши жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү үчүн Корул айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 21-кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн 2015- жылга бекитилген бюджеттик планындагы 701-разделдин 22154900 статьясынын, 706 разделдин 22141100 статьясынын 2- кварталына өзгөртүү киргизилсин.
2. Айылдык Кеңешинин заседаниесинде талкуулап, 2015-жылдын сметасынын 2-кварталына 701-разделдин 22154900 статьясынан 92000 (токсон эки миң) сом 706-разделдин 22141100 статьясынан 65000 (алтымыш беш миң) сом, 3-кварталынан жылдырылып, ал эми 3-кварталына 701-разделдин 3112-статьясынан 40 000(кырк миң) сом, 701-разделдин 2824 статьясынан 15000 (он беш миң) сом, 701-разделдин 22221200 статьясынан 10000(он миң) сом,702-разделдин 22154900 статьясынан 20 000(жыйырма миң) сом, 704-разделдин 22154900 статьясынан 15000(он беш миң) сом,708 –разделдин 22221100 статьясынан 19000 (он тогуз мин) сом, 706-разделдин 22154900 статьясынан 30000(отуз мин) сом 709-разделдин 3112 статьясынан 8000(сегиз миң) сом 3-кварталга жылдырып берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана максаттуу пайдалануу жагы ФЭБ башчы Н.Тоотаевага тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|