Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-апрели № 21/6
Улуу Ата Мекендик согушка катышып, өз Мекенине Жениш менен кайтып келип каза болгон атуулдардын жана согушка кетип кайтпай калгандардын, Ооган согушунун катышуучуларынын аты-жөнүн айыл өкмөтүнүн алдындагы Жениш аянтына илдирүү боюнча
Корул айылдык кенешинин 5-чакырылышынын 21-кезексиз заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, өз Мекенине Жеңиш менен кайтып келип каза болгон атуулдардын жана согушка кетип кайтпай калгандардын, ооган согушунун катышуучуларынын аты-жөнүн айыл өкмөтүнүн алдындагы Жеңиш аянтына илдирүү боюнча 140 миң сом, брусчатка үчүн 58 миң сом акча каражаты каралсын.
2. Керектелүүчү акча каражатын тиешелүү статьяларын карап, тиешелүү жерге которуп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго милдеттендирилсин.
Корул айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Маназаров
|