Редакцияот 30.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XX-заседаниеси

 

2015-жылдын 30-марты № 20/6

Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнү кылып белгилеп, мүрзөлөрдүн  айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча

Корул  айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Апрель айынын акыркы жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнү ар жыл сайын  белгиленип, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана    Атаке  мүрзөсүнө сел тосмосун тосуу жана башка мүрзөлөрдүн  айланасын тазалап,  оңдоо-түзөө  иштери  жүргүзүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы жамааттар жана Граждандык  коом менен иштөө боюнча туруктуу  комиссиянына  жана айыл өкмөтүнүн  айыл башчыларына  тапшырылсын.

 

Корул айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Маназаров