Редакцияот 20.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 14-сессиясы

 

2015-жылдын 20-февралы № 30

Айыл өкмөтүндөгү арыз менен кайрылган турмуш шарты оор, социалдык муктаждыктагы үй-бүлөөлөргө материалдык жардам көрсөтүү боюнча.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй-бүлөөлөргө жергиликтүү бюджеттен жылына 1000 (миң) сомдон бир жолу берилүүчү акчалай материалдык жардам көрсөтүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Жазы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Дыйканбаев