Редакцияот 20.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 14-сессиясы

 

2015-жылдын 20-февралы № 31

Жазы айыл өкмөтүнун 2015-жылга штаттык санын бекитүү  боюнча  айыл өкмөтүнүн  башчысынын  сунушун угуп Жазы айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын  8-июлундагы № 403 токтомунун  негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жазы айыл өкмөтүнун типтүү түзүмү жана штаттык саны калктын санына жараша (айыл өкмөтүнүн калкы 2015-жылга карата 15032) 19 штат бирдиги бекитилсин.

2. Ушул эле токтомдун негизинде айылдык аймактын админстрациялык борбору болуп саналган калктуу пункттан тышкары айыл башчы кызматы 3 айыл башчы жана аскерге милдеттүү жан аскерге  чакырылуучулардын санына жараша бошотулган 3 аскердик эсепке алуу столунун инспектору кызматтары бекилсин.

3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жазы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Дыйканбаев