Редакцияот 25.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 19-сессиясы

 

2015-жылдын 25-майы № 44

Жазы айылдык Кеңеши Ак-Кыя аки таш цехи ЖЧКсынын аки ташты иштетүү боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ЖЧК Ак-Кыя аки таш цехинин 3605 ТР 06.05.2014-жылдагы лицензиясынын негизинде Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Кыя тоо тилкесинде жайгашкан аки таш кеңинин катмары(залежи) 22(жыйырма эки)га жер геолого чалгындоо иштерин жүргүзүү жана аки ташөндүрүү үчүн убактылуу 06.05.2019-жылга чейин Жазы айыл өкмөтү мененкелишим түзүлүп пайдаланууга берилсин.

2. Суралсын Өзгөн райондук кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Өзгөн шаар куруужана архитектура башкармалыгынан тиешелүү ишкагаздарындаярдапберүү.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жазы айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Дыйканбаев