Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 21-сессиясы
2015-жылдын 28-июлу № 50
Жазы айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн башкы адиси А.Балтабаевдин жана Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын адиси Т.Молдалиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Дыйкан айылына караштуу МТФ 2 участкасында союз таркагандан кийин ошол жерде иштеп жашап келген малчылар совхоздун үйлөрүн мыйзам чегинде баары менчиктештирип алышкан бирок ушул күнгө чейин ген планы жок жашап келе жатышат ар ким өзүнчө короо сарайларды салып алышкан азыркы күндө жол жана башка инфраструктурасы жок. Ошого байланыштуу жогорудагы көйгөйлөрдү жоюу үчүн МТФ 2 участкасына ген план чийилсин.
МТФ 2 участкасындагы №20 кварталына кошумча ген план тузулуп берилсин. Бүгүнкү күндө алардын салган үйлөрүн короо-сарайларын бузушка мүмкүн эмес, ошондуктан жалпы элдин суроо талабынын негизинде эски союз мезгилинде салынган үйлөрдүн короо-сарайлардын ордуларына жалпысынан 7га жер тилкеси кошумча ген планга киргизилсин.
2. Кара Дыйкан айылындагы 1960-1970-жылдары салынган жеке менчик үйлөрдүн ээлери ошол күндөн бери өздөрү жашап келе жатышат центриндеги 4 үйдүн ордунда жана союз мезгилиндеги гараждын күн батыш тарабындагы 5 үйдүн орду ген планда соц объектилердин орду болуп турат дагы союз мезгилиндеги аткананын ордунда да жеке менчик үйлөр салынып калган .Бирок 40-50 жылдан бери айыл тургундары жашап келүүдө ошого байланыштуу жерге жеке менчик турак жай орду болуп өзгөртүү киргизилсин.
Жазы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Дыйканбаев |