Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 21-сессиясы
2015-жылдын 28-июлу № 51
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.А.Дыйканбаева Жээренчи айылынын Өзгөн шаары менен чектеш тарабындагы 1988-жылы Кыргыз ССРинин Министирлер Советинин 12-февралындагы №71 токтомунун негизинде турак жай үчүн берилген жер тилкесинин №3-А кварталынын ген планын бекитип берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн тургундарынын турак жай куруу үчүн жарандардын муктаждыгын эске алып Жээренчи айылынын Өзгөн шаары менен чектеш тарабындагы жаңы конуштун №3-А кварталынын ген планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Өзгөн райондук архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жазы айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Дыйканбаев |