Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 289
Жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2015-2016-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылга бекитилген иш планына ылайык жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2015-2016-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө Ош шаарындагы жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2015-жылдын 19-октябрындагы отурумунун №11-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2015-2016-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө жылуулук энергетикалык комплекс мекеме ишканалардын жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2015-2016-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча төмөндөгү иш чаралардын толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин:
- Ош шаарынын тургундарына электр энергиясын үнөмдүү иштетүү боюнча массалык маалымдоо каражаттары жана аймактык кеңештер аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- жылуулук энергия менен камсыз кылуучу мекемелерге шаардагы аймактык кеңештердин, кварталдык, үй комитеттеринин өкүлдөрү менен биргеликте жеке сектордогу калктын арасында отун-көмүр камдоо боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруу жана көп кабаттуу турак-жайлардын жашоочулары тарабынан ички жылытуу системаларын оңдоп-түзөө иштерин уюштурууну камсыздоо;
- күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча даярдык иштерине жана аны өткөрүүгө жоопкерчиликсиз мамиле жасаган мекеме-ишканалардын жетекчилерине күз-кыш өнөктүгүнүн жыйынтыгы боюнча ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун карап жана мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүү;
- Ош шаарынын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундарына жана мекеме-ишканаларга жылуулук берүүнү баштоонун мөөнөтүн так белгилеп берүү жөнүндө токтом чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуу.
3. Жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилерине:
- күз-кыш мезгилин өткөрүүгө багытталган иш чаралардын үзгүлтүксүз аткарылуусун камсыздоо;
- шаардагы магистралдык, кварталдык жылуулук тармактарын, отканаларды, жылуулук өткөрүүчү системаларды, шаарды электр энергиясы менен камсыз кылуучу обьекттерди оңдоп-түзөөнү аягына чыгаруу, көмүр, мазут отундарын жетиштүү көлөмдө камдоо иштери милдеттендирилсин;
4. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (К. Кимсанов), Ош шаардык саламаттык сактоо координатору (А. Шамшиев) көмүр менен камсыз кылуу иштерин толугу менен бүтүрүү жана шаардагы мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларды жылуулук менен камсыз кылууну толук көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин;
5. Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) күз-кыш өнөктүгүн өткөрүүдө шаардагы жылуулук жана жаратылыш газы берилип жаткан көп кабаттуу үйлөрдү жана мекемелерди жерине барып текшерүү милдеттендирилсин.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Аланов |