Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 291
Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылга кабыл алган иш-планына ылайык Ош шаары боюнча мамлекеттик салык кызматынын Ош шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 13-октябрындагы №20-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Э. Чоюновдун аталган башкармалык тарабынан Ош шаарынын 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) 2015-жылдын бюджетинин пландык көрсөткүчтөрүн так, өз мөөнөтүндө аткаруусун камсыздоо максатында мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыктары жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы менен биргеликте иш-план иштеп чыгуусу милдеттендирилсин.
3. Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 2015-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин план тапшырмасын толук көлөмдө аткарылбагандыгы белгиленсин жана кетирилген кемчиликтерди эске алып, 2015-жылдын жылдын жыйынтыгы менен план-тапшырманы ашыгы менен аткаруу үчүн: кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк обьекттеринен алынуучу, айыл чарба багытында эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн салыктардын план тапшырмасын толук көлөмдө аткаруу боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен кармалуучу штаттык бирдиктерди толук көлөмдө мобилизациялап, калктуу конуштарда аталган салык түрлөрүн жыйноо үчүн аймактык кеңештер менен биргеликте рейддерди уюштуруу жана бул салык түрүн төлөөчүлөрдүн толук базасын түзүү;
-жылдан жылга өтүп, өз мөөнөтүндө төлөнбөй келе жаткан карыздарды өндүрүү боюнча чечкиндүү иш-аракеттерди жүргүзүү;
-каттоодон өтпөгөн салык төлөөчүлөр жана чарбалык субьекттерди каттоодон өткөрүү боюнча иш-чараларды аткаруу;
-4-топтогу мүлк обьекттери үчүн салыктын түрүн толук көлөмдө түшүүсүн камсыздоо максатында Ош шаардык жол коопсуздук кызматы менен биргеликте рейддерди уюштуруу;
-ыктыярдуу жана милдеттүү патенттердин негизиндеги салык түрүн төлөөчү ишкерлердин санын тактап, жергиликтүү бюджеттин ички мүмкүнчүлүгүн арттыруу;
-Ош шаарынын 2015-жылга кабыл алынган бюджетин толук көлөмдө ашыкча аткарылуусун камсыздоодо салык жана салык эмес жыйымдардын бардык түрлөрүнүн ички резервин аныктап, бул боюнча салык кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткарууда жоопкерчилтерин күчөтүү, ошондой эле аталган токтомдун аткарылуусу боюнча маалыматты 2015-жылдын жыйынтыгынын негизинде Ош шаардык Кеңешине жазуу түрүндө берүүсү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Аланов |