Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 292
Ош шаарында диний экстремизм жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн экстремизм жана терроризмге каршы туруу бөлүмчөсүнүн башчысыН.Шерикбаевдин Ош шаарында диний экстремизм жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 16-октябрындагы №4-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарындадиний экстремизм жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аткарылыпжаткан иштер жөнүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн экстремизм жана терроризмге каршы туруу бөлүмчөсүнүн башчысы Н.Шерикбаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошевге)диний экстремизмге жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аткарылып жаткан иштердик атуу көзөмөлгө алуу милдеттендирилсин.
3. Ош шаарынынмэриясына (А.Кадырбаев)
-диний экстремизмге каршы күрөштү күчөтүү, Ош шаарынын аймагындагы мечиттердин имамдарынан, аймактык кеңештердин, кварталдык комитеттердин төрагаларынан калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талап кылуу;
-шаар аймагындагы диний агымдардын өкүлдөрүнүн чакырыктарына, улут аралык келишпестиктерге, мыйзамга каршы терс иш аракеттерине бөгөт коюу, мечиттердин имамдары, аймактык кеңештердин, кварталдык комитеттердин төрагалары эл жыйналган жерлердеги үгүт иштеринен кабардар болушун талап кылуу;
- Ош шаарында түрдүү диний агымдарга жаштардын кирип кетпөөсүн алдын алып, түшүндүрүү иштери жүргүзүү милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жана Ош шаардык Кеёешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Адашбаев) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А.Аланов |