Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 293
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы № 93 “Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө ” токтомунун аткарылышы жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин директору З.Юсуповдун депутаттардын Ош шаардык
Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы № 93 “Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө ” токтомунун аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутакттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-октябрындагы №4-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агентигинин директору З.Юсуповдун депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы №93 “Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө” токтомунун аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев);
- Ош шаарында инвестиция тартуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү;
- шаардык Кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүдүк, тышкы экономикалык байланыштар кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда инвесторлор менен шаардын ишкерлеринин жолугушууларын уюштуруу;
-бардык муниципалдык ишканалар эл аралык уюмдар менен келишим түзүп долбоор жазууда Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштарды жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттиги менен макулдашууну камсыздоо;
- муниципалдык ишканалардын башталган долбоорлор боюнча агенттике ай сайын маалымат берип туруусун камсыздоо милдеттендирилсин;
Аткарылган иштер боюнча Ош шаардык Кеңешине ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы менен маалымат берилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Д.Ишанов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А.Аланов |