Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-октябры № 294
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо мекемелеринин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө
Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору А.А.Шамшиевдин Ош шаарынын саламаттыкты сактоо мекемелеринин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-октябрындагы №4-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координатору А.А.Шамшиевдин Ош шаарынын саламаттыкты сактоо мекемелеринин аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын саламаттыкты сактоо боюнча координаторуна (А.Шамшиев) медицина мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте аларда орун алган кемчиликтерди жоюу, медициналык кызматтын сапатын жана аткарылган иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү;
- эң көйгөйлүү болгон маселелерди чечүү боюнча чыгымдардын сметасын түзүп, 2016-жылга бекитилүүчү шаардын бюджетинин долбооруна киргизүү үчүн шаардык мэрияга тапшыруу милдеттендирилсин.
3. Шаардык Кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов), шаардык мэрияга (А.Кадырбаев) жана шаардык финансы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) шаардын 2016-жылга бюджетин түзүүдө жана кароодо медицина мекемелеринин каражатка болгон муктаждыктарын эске алуу тапшырылсын.
4. Токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Суранов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (Р.Эргешов).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеёешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Эсенбаева) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеӊешинин төрагасы: |
А.Аланов |