Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 115
Жайыт комитетинин төрагасы К. Матраимовтун кайрылуусу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XIX сессиясы Жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусу менен таанышып чыгып, Айыл чарбасы, транспорт курулуш, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 27-июнь 2014-жылдагы жайыттарды айыл өкмөттөргө өткөрүп берүү боюнча райондук комиссиясынын №6 отурумунун протоколунун негизинде Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жеринен жалпы аянты 902га жайыты Көлдүк айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине өткөндүгү эске алынсын, 2015-жылдагы жайыт комитетинин бюджети 250 000 (эки жүз элүү) миң сомго бекитилсин.
2. Салык жыйымын өз убагында аткаруу, мыйзам чегинде иш алып баруу, сметага ылайык максаттуу пайдалануу жайыт комитетинин төрагасы К. Матраимовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Тынаевке милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |