Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № 117
А. Калмурзаев орто мектебинин директору А. Акматовтун арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XIX сессиясы Мырза-Аке айылындагы А. Калмурзаев орто мектебинин директору А. Акматовтун мектептин электр энергиясы менен ысыган жылытуу системасын көмүр менен жылытууга өткөрүүгө каражат сураган арызы менен таанышып, бюджет комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Калмурзаев атынлагы орто мектебин көмүр менен жылытуу системасына өткөрүү үчүн 500 000 (беш жүз) миё сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 2. А. Калмурзаев орто мектебинин жылытуу системасын көмүр менен жылытууга өткөрүү, көмүр сактоочу кампанын курулушу үчүн эё экономдуу жол тандоо, сапаттуу бүткөрүү жагын көзөмөлдөө аталган мектептин жетекчиси А. Акматовко түздөн–түз милдеттендирилсин.
3. Жылытуу системасын курууда, керектүү документ иштерин бүтүрүп берүү жагы архитектура башкармалыгынан, Райондук өрт коопсуздугу башкармалыгынан,Райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Электр жылыткычын көмүр менен жылытууга өткөрүү үчүн кошумча каражат булактарын издеп табуу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Мырзакуловко, мектептин директору А. Акматовко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеёешинин төрагасынын орун басары Б. Тынаевичке милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |