Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 21-сессиясы
2015-жылдын 2-марты № 124
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 70 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Кароол айыл өкмөтүнүн иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 4-октябрындагы “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 70 жылдыгына карата даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндөгү” №541-б,Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 21-октябрындагы № 289 буйругу Кароол айыл өкмөтүндө 2013-жылдын 23-октябрында №77 буйругу менен иш планын иштелип чыгарылган «Социалдык маселелер жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, айылдык кеёештин сессиясында талкууланып, каралып, Кароол айылдык кеёешинин кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-октябрындагы №77 буйругу менен иштелип чыгарылган иш-план бекитилсин.
2. Иш планды аткарууну жетекчиликке алуу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары О.Рысалиевге милдеттендирилсин.
3. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 70 жылдыгына карата даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча иш чараларды жүргүзүү үчүн 2015-жылдын бюджетинен 566 000(беш жүз алтымыш алты мин) сом каралган каражатты бөлүп берүү жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (Тыныкулов А.) тапшырылсын.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |