Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 24-сессиясы
2015-жылдын 25-апрели № 135
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын регионалдык ассоциациясына мүчөлүк акы жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берүү жөнүндө
Кароол айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын регионалдык ассоциациясына мүчө болуп киргендигине байланыштуу түзүлгөн эки тараптуу келишимге жана ассоциациясынын мүчөлүк акы жөнүндөгү токтомуна ылайык айылдык кеңешинин кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын регионалдык ассоциациясы менен түзүлгөн келишимге ылайык мүчөлүк акыга 2015-жылга ай сайын 900 сомдон (бир жылга 10800 сом) жергилктүү бюджеттен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу Кароол айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүнбашчысы-башкы эсепчи К.Бердибековага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча труктуу комиссиясына» (Амиракулов А.) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |