КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 10-февралы № 26/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-жылда социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2015-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планын бекитүү, 2015-2017- жылдарга социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча болжолдуу планынын долбоорун бекитүү жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-жылда социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2015-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планды бекитүү, 2016-2017 - жылдарга болжолдуу социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору боюнча билдирүүлөрүн угуп жана кызуу талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча билдирүү эске алынсын.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча иш пландарынын аткарылышы боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2016-2015-жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу пландары бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына жана туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |
Кабылан-Көл айыл округунун 2015-2017- жылга карата инвестициялык долбоорлорун аткаруу боюнча божомолу жана анын иш чарасы
№ | Долбоордун аталышы | Долбоордун жалпы сметалык баасы мин сом | Анын ичинен өздүк салымы мин сом | Айырмасы суралуучу акча мин сом | Кимдер тарабынан аткарылат | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтык |
1 | Кабылан- Көл айылындагы балдар бакчасынын айланасын тосуу жана инвентар сатып алуу
|
1235,1 |
123,5 |
1111,6 |
Кабылан-Кол а/ө стимулир. грант |
2015-ж | Балдарга жагымдуу шарт түзүү |
2 | “Кабылан-Көл –Катта- Талдык” жолуна шагыл төгүү |
3922,2 |
511,4 |
3410,8 | Кабылан-Кол а/ө Стимулир. грант | 2015-2017 | Элге жагымдуу шарт түзүү |
3 | Таза сууну башка булактан алуу | 5000,0 |
|
| Кабылан-Кол а/ө АБР | 2014-ж-2017-ж | Элди таза суу менен камсыздоо |
4 | Кабылан- Көл айылындагы китепкананын курулушу |
701,1 |
70,1 |
631,0 | Кабылан-Кол а/ө Стимулир. грант. | 2016-ж | Калкты заманбап китепкана менен камсыз кылуу |
5 | Айыл ичиндеги жолдорго шагыл төшөө | 500,0 |
|
| ОФ MCDCP KG | 2015-2016-ж | Элге жагымдуу шарт түзүү |
6 | Такта тилүүчү станок алуу | 200,0 |
|
| Донор издөө | 2015-ж | Эл көйгөйүн чечүү |
7 | Эски мектептин, айыл өкмөттүн айланасын тосуу | 150,0 | 15,0 |
| Донор издөө | 2015-ж | Элге шарт түзүү |
8 | Уз аялдарды колдоо боюнча кичи цех уюштурууга жетишүү | 240,0 | 24,0 |
| Донор издөө | 2015-2017-ж | Калкты жумуш менен камсыз кылуу |
9 | Кара- Жыгач айылынан машина өтүүчү көпүрө куруу | 160,0 | 16,0 |
| Донор издөө | 2013-2014-ж | Элге жагымдуу шарт түзүү |
10 | Э. Мурзаев орто мектебине кошумча корпус курууга долбоор даярдоо. | 5000,0 |
|
| Кабылан-Кол а/ө Стимулир. грант. | 2015-ж-2017-ж | Окуучуларды заманбап окуу корпусу менен камсыздоо |
11 | Күнгөй айылына ФАП куруу | 1500,10 | 150,0 | 1350,0 | Кабылан-Кол а/ө Стимулир. грант. | 2015-ж-2017-ж | Элге жагымдуу шарт түзүү |