Редакцияот 25.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2015-жылдын 25-марты № 27/1

Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын бекитүү жөнүндө

Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын бекитүү боюнча элдин пикирин,  сунуштарын эске алып, айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, талкуулоонун  негизинде Кабылан-Көл  айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кабылан-Көл  айыл  аймагынын жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставы бекитилсин.

2. Кабылан-Көл  айыл  аймагынын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын элге  толук  жеткирүү жагы айыл  башчыларга тапшырылсын.

3. Кабылан-Көл айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын типтүү уставын юстициядан каттоодон өткөрүү жагы айыл  өкмөтүнүн  жооптуу  катчысы Г. Сарыбаевага  милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө Кабылан-Көл  айыл  өкмөтүнүн  башчысы  Б.  Садыковага  тапшырылсын.

 

Кабылган-Көл айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ш.Акаев