Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын III сессиясы
2015-жылдын 11-августу № 3/2
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндө айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын калкты тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын калкты тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштердин абалы жана 2015-жылга ремонт иштери жөнүндө айылдык Кеңештин депутаты Акаев Шералынын даярдаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын калкты тейлөөдөгү жүргүзүп жаткан иштери бир топ кетирген кемчиликтерди эске алып канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү айылдык маданият үйүнүн, айылдык китепкананын калкты тейлөөдө чыгармачылык менен иш алып баруусу жана ар кандай маданий иш чараларды уюштуруп туруу жагы айылдык маданият үйүнүн башчысы С.Эргешовго жана айылдык китепкананын башчысы К.Мусаевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин туруктуу комиссияларына жана айыл өкмотүнүн башчысы Т.Камиловго тапшырылсын.
Кабылган-Көл айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ш.Акаев |