Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 12-февралы № 15/2
Будалык айылдык округунун 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга карата бюджети жөнүндө
Будалык айылдык өкмөтүнүн башчысы Б.Осмоновдун билдирүүсүн угуп талкуулап
Будалык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы киреше бөлүгү 6 069,1 миң сом жана чыгаша бөлүгү 7 301,9 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2015-жылга айылдык өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө 5451,0 миң сом жана чыгаша бөлүктөрүнө 5451,0 миң сом бекитилсин.
3. 2015-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2014- жылда иштетилбей калган сумма 1231,9 миң сом, киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө 1231,9 миң сом бекитилсин.
4. Маданият тармагына бөлүнгөн ар түрдүү чыгымдардан 100,0 миң сом айыл өкмөтүнө даталуу күндөргө жана майрамдык иш чараларга жумшалсын.
5. Айылдык кенештин төрагасына 5455 сом эмгек акыга төлөнүп берилсин.
6. Будалык айыл өкмөтүнүн бюджети 2016-жылга 5660,3 сом, 2017-жылга 5792,7 сом долбоорлонсун.
7. Будалык айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетке каралган акча каражаттары беренелер боюнча жумшалышын камсыз кылуу, отчет учет иштерин убагында жүргүзүп айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана мектеп директорлоруна, чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет саясий-экономикалык маселелер пландоо, бюджет жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |