Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 12-февралы № 15/3
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2015-жыл үчүн белгилөө жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылындагы № 20 “Нурай “ бала бакчасына ата энелерден алынуучу төлөмдөр жөнүндө ата энелер чогулушунун 18.01 2015-жылдагы № 2 протоколу менен таанышып жана талкуулап
Будалык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылындагы № 20 “Нурай“ бала бакчасына ата энелерден алынуучу төлөмдөр 300(үч жүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Будалык айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылдагы № 20 “Нурай “ бала бакчасына ата энелерден алынуучу төлөмдөрдү өз убагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчанын башчысы Шайыргүл Бекмаматовага милдеттендирилсин.
3. 2015-жылдын июнь.июль айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана ата энелер төлөмдөрдөн бошотулсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин.
Будалык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |