Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2015-жылдын 12-февралы № 15/4
Будалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн суммасын 2015-жыл үчүн белгилөө жөнүндө
Будалык айыл өкмөтүнө караштуу Октябрь айылындагы № 19 “Шалбаа“ бала бакчасына ата энелерден алынуучу төлөмдөр жөнүндө ата энелер чогулушунун 26.01.2015-жылдагы № 2 протоколу менен таанышып жана талкуулап
Будалык айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы №19 “Шалбаа“ бала бакчасынын ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 300(үчжүз) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Будалыкайыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы №19 “Шалбаа“ бала бакчасына атаэнелерден алынуучу төлөмдөрдү өзубагында топтоп мыйзам чегинде иштетүү бала бакчанын башчысы Чолпон Осмоновага милдеттендирилсин.
3. 2015-жылдын июнь.июль айларында тарбиялануучу балдар үчүн айыл шартына байланыштуу 2 ай каникул берилсин жана атаэнелер төлөмдөрдөн бошотулсун.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Будалык айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А. Кудайбердиевге милдеттендирилсин
Будалык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |