Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 16/1
Жайыт комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндө
Будалык жайыт пайдалануучулар бирикмесинен төрагасы А.Осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Будалык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн жайыт комитети тарабынан бир топ уюштуруучулук иштер жүрүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Жайыт төлөмдөрүн убагында топтоп төгүү жана аны максаттуу пайдалануу иштери колго алынсын.
3. Жайыт жолдорун оңдоодо жамааттар менен биргеликте макулдашылып иш жүргүзүлсүн
4. Башка жактардан келип жайыт пайдалангандарды тактап, малдарынын эмделгени жөнүндө тиешелүү кагаздарын, маалыматтарын талап кылуу ветеринардык кызматкерге жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жайыт комитетине жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Будалык айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |