Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын ХX сессиясы
2015-жылдын 14-августу № 20-1
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Буудайлык айылында жайгашкан «А.Беруни» атындагы орто мектебинин филиялы болгон мектепти, «Буудайлык» мектебин өзүнчө мектеп деген статусун берүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын «Буудайлык» айылында 1996-жылы курулган мектеп болуп, ал мектепте айылдын блдары таалим алып келишкен. 2012-жылдарга келип балдардын саны азайып кеткендигине байланыштуу, «Буудайлык» башталгыч мектебин Кыргыз Ата айыл аймагынын «Курак Тектир» мектебине, андан кийин А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан «А.Беруни» атындагы орто мектебине филиал кылып кошулган, ал мектеп айыл аймагынын борбордук айылында 30 км аралыкта жайгашкандыктан башкаруу жакшы болбостон, балдардын билими төмөн болуп калган. 2015-жылдын август айынын учету боюнча, даярдоо группасынын кошкондо 32 бала катталган, жогорудагы жагдайды эсепке алып, Буудайлык айылынын элдеринин арызын негизинде А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Буудайлык айылында жайгашкан «Буудайлык» башталгыч мектебине өзүнчө мектеп деген статусун берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
2. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
3. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
А. Мирмахмудов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Халбуваев |