Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын VII сессиясы
2013-жылдын 23-декабры № 7/1
И. Умаров атындагы орто мектебинин окуучуларынын билим сапатыжанаадептик тарбия берүүдөгү аткарган иштеринин абалы жөнүндө
И. Умаров атындагы орто мектебинин окуучуларынын билим сапаты жана адептик тарбия берүүдөгү аткарган иштеринин абалы жөнүндө Жаңы- Алай айыл өкмөтүнүн Кеңешинин кезектеги 5- шайланган 7 - заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Алай айыл кенешинин укук тартиби,мыйзамдуулук жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сооронов Таалайбектин И. Умаров атындагы орто мектебинин окуучуларынын билим сапаты жана адептик тарбия берүүдөгүаткарган иштеринин абалы жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. И.Умаров атындагы орто мектебинин мугалимдери тарабынан бир топ иштер аткарылгангандыгына карабастан кемчилдиктердин орун алгандыгы белгиленсин.
3. Келечек муундарга иновациялык интерактивдик ыкмаларды жайылтуу менен окуучуларга ар түрдүү багыттагы ийримдерди уюштурууда иш чараларды иштеп чыгуу И.Умаров атындагы орто мектебинин директору З.Эрматовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Алай айылдык Кеңешинин социалдык саясий иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы |
З. Эрматов |