Редакцияот 14.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин III чакырылышынын XX сессиясы

 

2015-жылдын 14-майы № 159/20-3

№7 орто мектептин курамынан башталгыч мектепти чыгаруу жөнүндө

     Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын 24.04.2015-ж. кириш №122/02-01 өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 29.04.2015-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардын №7 орто мектебинин курамынан башталгыч мектепти чыгарууга жана аны кыргыз тилинде окутуучу өз алдынча мектеп деп эсептөөгө макулдук берилсин.

2. Башталгыч мектепке №4 номерди ыйгарууга макулдук берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу социалдык маселелер  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Токмок шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

Р. Таманбаев