Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-февралы № 19/1
Сары-Колот айылдык округунун сырткы чек араларын аныктап -тактоо боюнча жүргүзүлгөн иштердн бекитип берүү жөнүндө
«Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Сары-Колот айылдык округунун сырткы чек араларын аныктап -тактоо боюнча жүргүзүлгөн иштерин карап чыгып Сары-Колот айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Сары-Колот айылдык округунун сырткы чек араларын аныктап -тактоо боюнча жүргүзгөн иштери жактырылсын жана чек ара жазылган баяндама боюнча бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип беруу жагы Кара-Суу райондук жергиликтуу мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |