Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 1-февралы № 19/2
Сары-Колот айылдык округунун Шерали айылынын эл оозунда «Тойчу» деп аталып жүргөн Ак-Колот айылынын атын өзгөртүү жөнүндө
Сары-Колот айылдык округунун Шерали айылынын эл оозунда «Тойчу» деп аталып жүргөн Ак-Колот айылынын атын өзгөртүү максатында Ак-Колот айылынын тургундарынын 2013-жылдын 14-декабрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколун талкуулап, Эл депутаттарынын Отуз-Адыр айылдык Кенешинин 21-чакырылышынын 10-сессиясынын 1993-жылдын 23- августундагы чечиминин негизинде Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 14-декабрындагы Ак-Колот айылынын жалпы элдик жыйынынын токтому бекитилсин.
2. Сары-Колот айыл округунун Ак-Колот айылынын жогорку жагы Тойчу деп аталсын.
3. Чек арасы ылдый жагынан Пазылов Чырмашбайдын үйүнөн баштап жогору жагы Чураев Кадырдын үйү кошо кирсин деп белгиленсин.
4. Суралсын бул токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айыл округунун жер боюнча жетектөөчү адиси 3. Реджаповго жана айылдык кенештин алдындагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |