Редакцияот 15.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Колот айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XX заседаниеси

 

2014-жылдын 15-марты № 20/1

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылындагы № 120 негизги мектебинин курулушунун экинчи этабына айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу жөнүндө

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылындагы № 120 негизги мектебинин курулушунун экинчи этабына айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу жөнүндөгү  айыл өкмөтүнүн адиси З.Реджаповдун билдируусун угуп талкуулан Сары-Колот айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылындагы №120негизги мектебинин курулушунун экинчи этабына айыл өкмөтүнүн2014-жылга тузулген бюджетинин долбоорунда каралган 326,0мин сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн салымы катарыбюджетке бекитүүгө сунуш берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жунусовго жана айылдык кенештин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Сары-Колот айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э. Абдраев