САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXI заседаниеси
2014-жылдын 29-марты № 21/5
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылындагы № 120 негизги мектебинин курулушунун экинчи этабына айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылындагы № 120 негизги мектебинин курулушунун экинчи этабына айыл өкмөтүнүн бюджетинен салым кошуу максатында Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн Ак-Колот айылындагы №120 негизги мектебинин курулушунун экинчи этабына айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген бюджетинин ЖКХ бөлүмүнүн 3111-статьясынын 6-статьясында каралган 326,0 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн салымы катары бекитилип берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Сары-Колот айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Жунусовго жана айылдык кенештин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Абдраев |