Редакцияот 29.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Колот айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXI заседаниеси

 

2014-жылдын 29-марты № 21/6

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Маматовдун арызын кароо жөнүндө

Сары-Колот айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Маматовдун 2014-жылдын 14-мартындагы арызын карап, талкуулап Сары-Колот айьлдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арызда айтылган Миялы участогундагы 532,73га жер аянтын тактап, тийиштүү документтерин даярдап, айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин балансасына өткөрүп алуу максатында төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

К. Макеев - Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы; комиссиянын төрагасы;

Реджапов - Айыл өкмөтүнүн жер адиси; комиссиянын катчысы;

Т. Шаматов - Айылдык кенештин депутаты; комисиянын мүчөсү;

Э. Айтикеев - Шерали айылынын айыл башчысы; комиссиянын мүчөсү;Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча).

2. Түзүлгөн комиссияга тез аранын ичинде жогорудагы маселени чечүү жагы тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кенештин алдындагы туруктуу комисияга жана айьш өкмөтүнүн жер адиси 3. Реджаповго тапшырылсын.

 

Сары-Колот айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Э. Абдраев