Загрузка документа…
САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-июлу № 23
Сары-Колот айыл аймагындагы калктуу конуштарынын көчөлөрүнүн санын тактоо жана андагы үйлөрдү номерлөө боюнча түзүлгөн актыларын бекитүү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 127-буйругу менен түзүлгөн штабдын отурумунун негизинде айыл аймагынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүү жана биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча калктуу конуштарга бөлүнгөн жооптуу кызматкерлердин Сары-Колот айыл аймагынын калктуу конуштарынын көчөлөрүн тактоо жана андагы үйлөрдү номерлөө боюнча түзүп келген актыларын карап, талкуулап Сары-Колот айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы жооптуу кызматкерлердин 2014-жылдын 11-июлундагы Сары- Колот айылы боюнча 28 көчөнү 432 үйдү, Ак-Колот айылы боюнча 1 көчөнү 99 үйдү, Курбан-Кара айылы боюнча 11 көчөнү 249 үйдү, Шерали айылы боюнча 15 көчөнү 425 үйдү, Присавай айылы боюнча 8 көчөнү 105 үйдү, Тынчтык айылы боюнча 8 көчөнү 161 үйдү, жалпысы болуп 71 көчөнү 471 үйдү тактап, номерлеп келишкендиги жөнүндөгү актылары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кенештин алдындагы туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн жер адисине жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Батиров |