САРЫ-КОЛОТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Колот айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XXVI заседаниеси
2014-жылдын 28-ноябры № 26/2
Сары-Колот айыл өкмөтчүнүн бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сары-Колот айыл өкмөтүнүн эсеп счетуна 2014-жылдын 10 айында сметада каралган кирешеден 416,4 мин сомду бөлүштүрүү жана сметада каралып иштетилбей калган 354,1 мин сом акча каражатын башка статьяга жылдыруу жөнүндө финансы-экономикалык бөлүмүнүн милдетин убактылуу аткаруучусу С.Алдыракованын билдируусун угуп, талкуулап Сары-Колот айылдык кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1.1. Сары-Колот айыл өкмөтүнүн эсеп счетундагы 416,4 мин сом төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн: 1) Мектептердин башка чыгымдары учун - 20,0 мин сом, 2) С.Бекмуратов атындагы мектептин класстык бөлмөлөрүнүн жылытуу системасын ондотууга - 49,5 мин сом, 3) С.Карыбеков атындагы башталгыч мектебинин эки класстыкбөлмөсүн ондотууга - 50,0 мин сом, 4) «Ырыстуу бөбөк» балдар бакчасынын балдары тамактануусу үчүн - 138,4 мин сом, көмүр алууга - 5,5 мин сом, 7 даана пожарный щить сатып алууга - 20,0 мин сом жалпысы 163,9 мин сом. 5) Шерали, Ак-Колот айылдарынын көчөлөрүнө түнкү жарыгы үчүн, электр мамычаларыны орнотуп, электр чубалгыларын тартуу - 112,5 мин сом. 6) аппарат бөлүмүнүн башка чыгымдарына 20,5 сом
1.2. Сметада каралып, бирок иштетилбей калган 354,1 мин сом акча каражаты төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн: 1) Курбан-Кара, Тынчтык, Ынтымак айылдарынын көчөлөрүнө түнкү жарык уюштурууга - 250,0 мин сом. 2) Сары-Колот спорт залынын электр энергиядан болгон карызын төлөөгө - 23,0 мин сом. 3) Маданият бөлүмүнүн башка чыгымдарына - 17,5 мин сом. 4) Аппарат бөлүмүнүн башка чыгымдарына - 35,6 мин сом. 5) №128 мектептин спорт аянтчасы үчүн 28,0 мин сом.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Колот айыл өкмөтүнүн башчысы К.Макеевге жана Сары-Колот айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сары-Колот айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Батиров |