Редакцияот 18.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чангет айылдык Кеңешинин Кезектеги V сессиясы

 

2013-жылдын 18-марты № 9

Чангет айыл өкмөтүнүн ченемдик актыларын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамына 2013-жылдын 22-февралында өзгөртүү киргизилип 2013-жылдын 01-мартынан баштап күчүнө киргендигине  байланыштуу Чангет айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чангет айылдык Кеңешинин аймагында жашаган калктын көпчүлүгү кыргыз тилин билгендиктен Кеңештин сессиясында ченемдик актыларынын долбоору мамлекеттик тилде гана каралсын жана жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын Чангет айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Э.Акматовго милдеттендирилсин.

 

Чангет айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Т. Эшиев