Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-августу № 10
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жарым жылдыгында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана кошумча түшкөн каражаттарды кароо жөнүндө
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн кирешелерин карап, айылдык кеёештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын жана айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынынын сунуштарын угуп жана талкуулап Көлдүк айылдык кеёеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кошумча түшкөн кирешелери 300 000 (үч жүз миё) сом өлчөмүндө бекитилсин
2. Кошумча түшкөн кирешелердин эсебинен 300 000 (үч жүз миё) сом өлчөмүндө лимит бөлүп берүү жагы Өзгөн райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Бөлүнүп берилген лимит Көлдүк айыл өкмөтүнүн айыл чарба тармагына, билим берүү жана муктаж болгон беренелерине жумшоо үчүн бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеёештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Көлдүк айылдык Кеӊешинин төрагасы |
С. Молдалиев |