Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Петровка айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 27-апрели № 83-1
Петровка айыл аймагынын административдик чек арасында «Бухар газ району «Ташкент-Бишкек- Алматы» магистралдык газопровод куруу боюнча Кыргызстан газпром объектисине убактылуу жер бөлүп берүү жөнүндө
«Петровка айыл аймагынын административдик чек арасында «Бухар газ району «Ташкент-Бишкек- Алматы» магистралдык газопровод куруу боюнча Кыргызстан газпром объектисине убактылуу жер бөлүп берүү жөнүндө» 2015-жылынын 4-июнундагы № 115-06/15 «Гео Строй Проект Азия» ОсОО катын угуп жана талкулап Петровка айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Петровка айыл аймагынын административдик чек арасында «Бухар газ району «Ташкент-Бишкек- Алматы» магистралдык газопровод куруу боюнча Кыргызстан газпром объектисине убактылуу 99489 кв.м. 11 ирет 1001-1063,72 км. жер бөлүнүп берилсин.
2. ОсОО «Газпром Кыргызстан» курулуш учурунда келтирилген зыяндыгы үчүн жер ээлерине компенсация төлөп , келишимге кол коюлгандан кийин газ чийинин курулушу башталсын.
3. ОсОО «Газпром Кыргызстан» газ чийинин куруп бүткөндөн кийин жер аянтчаларын жер ээлери пайдалануу үчүн мурдагы калыбына келтирилсин.
4. Токтомду бекитүү үчүн Москва райондук мамлекеттик администрациясына кайрылуу жиберилсин.
5. Токтомду аткаруу боюнча айыл өкмөттүн башчысы Астаров Д.Б.-ке жүктөлсүн.
Петровка айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Уразбакиева
|