Редакцияот 25.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Петровка айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XX сессиясы

 

2015-жылдын 25-марты № 73-1/2

2014-жылынын атайынкы акча каражаттарын аткаруу жана 2015-жылга атайынкы акча каражатын бекитүү жөнүндө

Петровка айылдык аймагынын 2015-жылга атайынкы акча каражатын бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкулап Петровка айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылынын атайынкы акча каражаттын аткарылышы боюнча отчетун угуп талкулап, ошондой эле киреше чыгаша боюнча 159,9 мин сом тактоосу менен бекитилсин.

2. Петровка а/ө берген  маалыматы боюнча  2015-жылга кирешеси менен атайынкы каражат 51,0 сом  көлөмүндө бекитилсин.

Баардыгы:       51,0  мин сом

3. Турак жай чарбасына  5 кошумча штаттык бирдик бекитилсин.

- тракторист  1 штат, айлык маянасы – 3000 сом

- жумушчу 1 штаттык бирдик, маянасы – 2500 сом

- электрик 1 штаттык бирдик , маянасы – 3000 сом

-акча каражат  жыйноо боюнча 2 штат , маянасы – 5000 сом

4. Атайынкы каражаттардан күнүмдүк коротууларды  каржылоо  бекитилсин

-   аппарат – 51,0 мин сом

Баардыгы :         51.0 мин сом

5. Бюджеттик акча каражатын коротуу боюнча , дайыны жок пайдалануу боюнча жетекчилер жоопко тартылсын.

6. Жергиликтүү бюджетинин 2015-жылга коротуулары кирешеге ылайык аткарылсын, анын ичинен биринчи иретте жактоо беренелер боюнча( маяна, соц.фонд,коммуналдык төлөмдөр).

7. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер атайын каражаттар боюнча смета тапшырышсын.

8. Каржылоо тартибин жогорлатуу жана 2 аптанын ичинде жеке сметаларды түзүү боюнча иш чараларды аткарууга жетекчилер  милдеттенсин.

 

Петровка айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Уразбакиева