Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 10-ноябры № 26-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянтарын аныктап-тактоо (инвентаризация) боюнча иштерди бекитип берүү жөнүндө
Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянтарын аныктап-тактоо (инвентаризация) боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдалган материалдарын карап чыгып, депутаттардын айылдык Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын жер аянтарын аныктап-тактоо (инвентаризация) боюнча “Кыргызмамжердолбоор” институтунун Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы даярдалгпан материалдарынын жыйынтыгы бекитилсин.
2. Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн мурунку Ленин атындагы комсомол көмүр шахтасынын 181,70 га үчүн ажыратылуучу жер аянтарын юридикалык жана картографиялык материалдарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жер жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан суралсын.
3. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 181,70 га жер аянтын “Өнөр жайдын,транспорттук байланыштын, коргоонун жана башкалардын жерлер категориясын” муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жана жалпы жер фондун инвентаризациялоонун жыйынтыгын макулдашуу жагы Ноокат районунун айыл өкмөттөрүнүн жалпы жер фондуна инвентаризация жүргүзүү боюнча түзүлгөн райондук комиссиясына жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан сунушталсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Т. Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Ажибаев
|