Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы
2015-жылдын 10-ноябры № 26-5
Ноокат райондук сотунун төрагасы К.А.Пирматовдун 2015-жылдын 09-октябрындагы № 990 сандуу сураныч катын аткаруу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө 2015-жылдын 10-октябрында № 990 сандуу каты келген. Катта Ноокат райондук сотунун имаратын ондоо түзөө иштерине акча каражат сураган.Айылдык Кенештин бюджет, экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясында карап, такталгандыгын жана киргизилген сунуштардын негизинде түзүлгөндүгүн эске алып Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нооокат райондук сотунун имаратынын ремонтуна айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 80 000 (сексен мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Зулпуевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, соода ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Т. Кулатов айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Ажибаев
|