Редакцияот 10.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2015-жылдын 10-ноябры № 26-7

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү «Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» , укуктарын жана кызыкчылыктарын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү «Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» , укуктарын жана кызыкчылыктарын кароо жөнүндөгү айылдык Кенештин төрагасы А.Ажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндөгү «Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» , укуктарын жана кызыкчылыктарын кароо боюнча айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык мектептерде иш алып барылсын.

2. Мектептерде «Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу» , укуктарын жана кызыкчылыктарын кароо жөнүндөгү жыйындарды өткөрүүнүн графигин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Көчкөновго жүктөлсүн.

3. Ар бир мектепте окуучулар менен ата-энелер,  айылдык тескөөчүлөр, соц. мугалимдер,айыл өкмөтүнөн соц.адиси менен биргеликте жолугушууларды өткөрүү жана протоколдорун айыл өкмөтүнө берүү жагы мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго тапшырылсын.

 

Т. Кулатов айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Ажибаев