Редакцияот 11.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бүлөлү айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 17-заседаниясы

 

2015-жылдын 11-апрели № 17/2

Айыл өкмөтүнүн аймагында калктын жеке менчик малдарын жана үй айбанаттарынын ылан ооруларына каршы алдын-ала эмдоо иштеринин журушу

Бүлөлү айыл өкмөтүнүн вет инспектору А Боокеевдин айыл окмотунун аймагында калктын жеке менчик малдарын жана үй айбанаттарынын  ылан  ооруларына каршы алдын-ала эмдоо иштеринин журушу боюнча билдирүүсүн  угуп жана талкуулап Бүлөлү айылдык кенешинин  5чакырылышынын 17 заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагы калктын жеке жеке менчик  малдарын жана үй айбанаттарынын ылаң ооруларына каршы алдын-ала эмдөө  иштеринин жүрүшү  боюнча  вет инспектору  А Боокеевдин отчету эске  алынсын.

2. Айыл өкмөтүнүн  аймагында калктын жеке менчик  малдарын жана үй айбанаттарынын ылаң ооруларына каршы алдын ала  эмдөө иштеринин жүрүшүн уюшкандыкта  өткөрүү, иш-чараларды жүргүзүү жагы А Боокеевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысы Т Абдраевге   милдеттендирилсин.

 

Бүлөлү айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

 

Р. Сарыбаев