Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүлөлү айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 19-заседаниясы
2015-жылдын 14-декабры № 19/1
Айыл өкмөтүнүн аймагында калктын жеке менчик малдарынын жана үй айбанаттарынын ылан ооруларына каршы алдын ала эмдөө иштеринин жүрүшү жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүнүн аймагында калктын жеке менчик малдарынын жана үй айбанаттарынын ылан ооруларына каршы алдын ала эмдөө иштеринин жүрүшү жөнүндө вет инспектор А.Боокеевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүлолү айылдык кенешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагында калктын жеке менчик малдарынын жана үй айбанаттарынын ылан ооруларынап каршы алдын ала эмдөө иштеринин жүрүшүндө кемчилдиктер кеткендиги белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди жоюу,калктын жеке менчик малдарынын жана үй айбанаттарынын ылан ооруларына каршы алдын ала эмдөө иштерин жогорку денгээлде жүргүзүү жагы вет инспектор А.Боокеевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияларга тапшырылсын.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы
|
Р. Сарыбаев |