Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-октябры № 21-5
Куу-майдан айылындагы «Байыш-Нуру» балдар бакчасынын кызматкерлердин эмгек акысын мамлекеттик бюджеттен каржылоого өткөрүү тууралуу
Куу-майдан айылындагы «Байыш-Нуру» балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү тууралуу Байыш участкасынын жашоочуларынын 2015-жылдын 01-октябрындагы чогулушундагы суроо-талаптарын канаттандыруу максатында Кенеш айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куу-майдан айылынын Байыш участкасынын жашоочуларынын 2015-жылдын 01-октябрындагы чогулушундагы суроо-талаптары канаттандырылсын.
2. «Байыш-Нуру» балдар бакчасынын кызматкерлеринин эмгек акысын республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүүгө байланышкан иш-кагаздарын даярдоо Рахманали кызы Жибекке тапшырылсын.
3. Кеңеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен «Байыш-Нуру» балдар бакчасына 2016-жылдын 01-январынан комуналдык кызмат көрсөтүүлөрүнө акча каражатын карап чечүү жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Куу-майдан айылындагы «Байыш-Нуру» балдар бакчасын кызматкерлеринин эмгек акысын республикалык каржылоого өткөрүү тууралуу маселени жогорку органдарга кат жөнөтүп чечүү Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык,маданий,билим берүү,миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Анарбек уулу А тапшырылсын.
Кеңеш айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Ташбаев
|