Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-январы № XXIX-1
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү”, “ шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” Жоболордун талаптарына ылайык Ноокат шаардык кеңешинин аймагында жайгашкан Х.Самиев атындагы орто мектебинин 2016-жылдын 11-январындагы №1 протоколунун негизинде өткөн эмгек жамааты сунуш кылган Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерди талкуулап көрүп Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылган Ноокат шаардык кеңешинин аймагында жайгашкан Х.Самиев атындагы орто мектебинин 2016-жылдын 11-январындагы №1 протоколун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Ноокат шаардык кеңешинин тургуну Ошурбакиева Клара Нурахуновна талапкерликке сунуш кылынсын.
2.Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Ноокат шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А.Гафаров
|