Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясы
2015-жылдын 17-февралы № 5
Кара Суу айылына 70 орундуу бала бакча куруу жөнундө
3330 калк жашаган Кара Суу айылына 70 орундуу бала бакча куруу үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу үлүштүк (түрткү берүү) гранттар комиссиясына долбоор жазуу жөнүндө Кара Суу айыл өкмөт башчысы Ч. Сулаймановдун сунушун карап талкуулап чыгып, депутаттардын Кара Суу айылдык аймактык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара Суу айылына 70 орундуу бала бакча куруу үчүн Кыргыз Республикасынын каржы министрлигине караштуу үлүштүк (түрткү берүү) гранттар комиссиясына жалпы өлчөмү 3 332 620 сомду түзгөн долбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Долбоорду ишке ашырууда айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү 333 262 сом же 10% өздүк салымды 2015-жылдын бюджетине киргизүү жагы айыл өкмөт башчысы Ч.Сулаймановго милдеттендирилсин.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Курманалиева |