Редакцияот 23.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы

 

2015-жылдын 23-майы № 13

Кара Суу айылдык аймактык  Кара Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2018 жылдарга бюджети жөнүндө долбоору

Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин  6-чакырылышынын 19-сесиясында Кара-Суу айылдык аймактык  Кара –Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2018 жылдарга бюджеттин долбоорун бекитүү боюнча Кара Суу айылдык аймактык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара Суу айылдык аймагынын Кара Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2018 жылдардагы  бюджетинин киреше бөлүгү боюнча   2016-ж 2751,8 миң  сом  2017-жылга  2844,5 миң сом  жана  2018 - ж  2859,5 миң сом өлчөмүндө  белгиленсин.

2. Кара Суу айылдык аймагынын Кара Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2018 жылдардагы бюджетинин киреше булагы боюнча  №1тиркемеге ылайык булактардан түшүүчү каражаттардын эсебинен түзүлө турганы аныкталсын.

3. Кара Суу айылдык аймагынын Кара Суу айыл өкмөтүнүн 2016-2018 -жылдардагы чыгаша бөлүгү боюнча №2 тиркеме ылайык булактардан турары бекитилип берилсин.

4. Кабыл алынган токтомдун туура жана так аткарылышын көзөмөлдүктү жүргүзүүсү айылдык аймактык Кеңешинин «Айыл чарба экономикалык реформалардын жүрүшү жана  бюджет» боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кара Суу айыл кеңешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Н. Курманалиева