Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясы
2015-жылдын 3-ноябры № 17
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара мамилелер боюнча түшкөн каражат жөнүндө
Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке ез ара мамилелер боюнча түшкөн каражатты максаттуу пайдалануу боюнча айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, талкуулап чыгып Кара Суу айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке ез ара мамилелер боюнча түшкөн 550 (беш жүз элүү) миң сом жана 1 000000(бир миллион) сомду максаттуу пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
Аталган акча каражатын жумшоо төмөндөгүчө белгиленсин.
а) 316 738(үч жүз он алты миң жети жүз отуз сегиз) миң сом каражатын Кара Суу айылдык аймагындагы Береналиев Мырзабек атындагы спорт комлексинин астына жаңы кошумча кийим-кече чечинүүчү жана от жагуучу жай курулуш иштерине жумшалсын
б) 233 262(эки жүз отуз үч миң эки жүз алтымыш эки) миң сом Кара Суу айылындагы бала бакчага жазылган долбоор үчүн өздүк салымга.
2. 1 000000 (бир миллион) сом Аманбек Карыпкулов орто мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүүгө жумшалсын.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Кара-Суу айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Н. Курманалиева |